Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
2019-жылдын 13-февралы № 16
Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылынын тургундарынын көчөгө ат коюу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылындагы жаңы түшкөн конуштарга көчө тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен “Таш-Арык” жана “Оргума” деген ат ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгын жана иреттүүлүгүн карап туруу көчө башчыларына тапшырылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын тактап, даярдоо жагы Кашка-Суу айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучусу Н.Надыровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Укук тартиби , мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрматов |