Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2018-жылдын 04-декабры № 4
Кашка-Суу айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Ж.Эрмаматовдун бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча жобо жонүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөнкүдөй комисия курамы түзүлсүн:
- М.Төрөев - Кара-Кабак айылынын депутаты - комиссиянын төрагасы
- У.К.Алибаев - Башкы адис- юрис - комиссиянын орун басары
- А.Т.Кудайбергенова-жооптуу катчы - комиссиянын катчысы
Комиссия мүчөлөрү
- К.А.Жалилов – ФЭБнүн башчысы
- Б.Кожобекова -Кабык айылынын депутаты
- Т.Калбаев - Кашка-Суу айылынын депутаты
- З.Нармаматов -Кашка-Суу айылынын тургуну
2. Кашка-Суу айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча протокол түзүүгө төмөнкүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
- А.Мамараимова- Кирешелер боюнча башкы адис
- Ө.Шаңшоев- Жерге жайгаштыруу,жер,турак жай жана комуналдык менчик боюнча башкы адис
- А.Айдарова-Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Укук тартиби , мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрматов |