Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 4
Жер участокторун бөлүп берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагында жер участокторун жарандарга бөлүп берүүдөгү айыл өкмөтүнүн токтому үчүн төлөнүүчү 700 сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январынан баштап кыскартуу жөнүндө төрага Ы.Ж.Эрмаматовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагында жер участокторун жарандарга бөлүп берүүдөгү айыл өкмөтүнүн токтому үчүн толөнүүчү 700 сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январынан баштап кыскартылып, айыл өкмөтү тарабынан турак жай курууга жер участоктору үчүн чыгарылган токтомдор жарандарга акысыз берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана даярдоо Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншоевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин Экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш, коммуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |