Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №25-сессиясы
2018-жылдын 05-октябры № 01-3/10
Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Шекер айылында “Чынгыз Ордо” маданий тарыхый жана ден-соолукту чыңдоо мемориалдык комплексинин алгачкы жумуштары башталганына байланыштуу жол чыгарганга, КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын 2018-жылдын 05-октябрындагы №1 актысы менен уруксат берилип кесиле турган кара жыгачтарды отун катары берүү үчүн Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын 2018-жылдын 05-октябрындагы №1 актысы менен уруксат берилип кесиле турган кара жыгачтар айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдарга билим берип жаткан мугалимдерге,муниципалдык кызматкерлерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун катары берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.Иманалиев |