Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №26-сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 01-3/1
КР каржы министрлиги тарабынан келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2000,0 млн сом максаттуу трансферт катары келген акча каражатын бөлүштүрүү үчүн Шекер айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шекер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Шекер айылындагы эс алуу паркын кайрадан куруп, заманбап талабына келтирүү үчүн долбоор жазылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен максаттуу трансферттен келген 2000,0 млн сом жана ушул долбоорду толук кандуу бүтүрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 202,0 миң сом акча каражаты парктын оңдоп түзөө жумуштарына жумшалсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.Иманалиев |