Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №27-сессиясы
2018-жылдын 04-декабры № 01-3/8
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Шекер айылдык аймактык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо күн тартибине коюлуп,талкууга алынгандан кийин
ТОКТОМ КЫЛАМ
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобонун негизинде өз жоболорубуз иштелип чыксын.
3. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы 11 адамдан болуп бекитилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.Иманалиев |