Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы №3
Чыгашадан ашкан кирешени кароо жөнүндө
Оро айылдык Кенешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 23- сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын 2018 - жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан киреше булактарын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
2018 – жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан киреше 2961322 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :
а) Мамлекеттик тейлөө кызмат бөлүмүнө;
2111 статьясына – 144000 сом
2121 статьясына – 24800 сом
2215 статьясына – 38000 сом
б) ЖКХ бөлүмүнө ;
2215 статьясына – 128200 сом
2221 статьясына – 385000 сом
3111 статьясына – 2241322 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага | Н.Жаманкулов |