Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 5
Штаттык тизимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-ж. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” № 451 сандуу токтомуна ылайык, Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Оро айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн администрициялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (2 штаттык бирдик) бекитилсин.
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер –аскердик эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну, адис кызматтык маянасы менен ( 2штаттык бирдик) бекитилсин.
4. Сунушталган айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги толугу менен өзгөртүүсүз бекитилсин жана Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Г.Саманчиева) менен макулдашылып, эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаманкулов |
Тиркеме № 1 БЕКИТЕМИН
Оро айылдык кеңешинин төрагасы
__________ Н.Жаманкулов 31.01.2018-ж.
Кызматтардын аталышы | Оро айыл өкмөтүнүн калкынын саны 5732 |
5миңден 7миңге чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Айыл өкмөтүнүн орун басары | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы экономика бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Жер , турак жай. Коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы ади | 1 |
Киреше боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
Киреше боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчик боюнча адис | 1 |
Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис | 1 |
Жыйынтыгы | 10 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
Жетектөөчү адис-айыл башчы (айыл тургун-дарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 2 |
Адис-Аскердик-эсепке алуу боюнча инспектору | 2 |
Жыйынтыгы | 4 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК | |
Кароолчу | 1 |
Тазалоочу | 1 |
Жыйынтыгы | 2 |
Жооптуу катчысы А.Даниярова