Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
10 - чакырылышындагы кезектеги 23 – сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 10
Оро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Оро айылдык кенешинин 10-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы, Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Э Сураповдун сунушунун негизинде каралган маелени талкуулап тактап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Оро айыл өкмөтүнө кошкон салымдары эске алынып, Оро айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:
Айтпаев Каныбек Айтпаевич
Коодоков Нурбек Айтыкулович
Тойчубекова Зуракан Акыновна
2. ”Ардактуу атуул” наамынын төш белгисин жана күбөлүгүн даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Тойчубековага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаманкулов |