Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
10 - чакырылышындагы кезектеги 23 – сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 12
Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы З.Тойчубекованын маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза Кодексинин 155, 154 жана 155-1 ст. Жана Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо мыйзамын ишке ашыруу максатында айыл өкмөтү, аялдар комитети менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана тиешелүү иш чаралар иштелип чыксын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата стратегиялык планына киргизүү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү программаларды ишке ашырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 2019-жылга каражат каралсын.
3. Оро айыл өкмөтүндө өтүүчү “Зомбулукка каршы” акциясынын алкагында мектептердин жогорку класстын окуучулары, ата-эне жана коомчулук менен биргеликте активисттер менен акциялар өткөрүлсүн.
4. Ушул иш чараларга Оро айылдык кеңешинин депутаты, аялдар комитетинин мүчөсү Тойчубекова Зуракан жооптуу болуп бекитилсин.
5. Өтүп жаткан иш-чаралар массалык маалымат каражаттарына чагылдырылсын
Төрага | Н.Жаманкулов |