Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
10 - чакырылышындагы кезектеги 23 – сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 13
Айыл өкмөтүндөгү 2019-жылга чегерилүүчү жер салыгын кароо жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы айыл өкмөтүндөгү 2019-жылга чегерилүүчү айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын өлчөмүн Салык кодексинин 337-беренесинин 1-пунктуна ылайык айыл өкмөт башчысы Э.Сураповдун сунушун угуп, талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Оро айыл өкмөтүндө 2019-жыл үчүн чегерилүүчү айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын өлчөмү өзгөрүүсүз, 2018-жылдагы белгиленген суммада калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаманкулов |