Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ ААЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 22-1
Ноокат аймактык ооруканасынын алдындагы Көк-Бел бөлүмүнүн терапия бөлүмүнүн арызын кароо жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон Жаңы-Базар айылындагы «Мээрим Нуру» балдар бакчасына мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилген имаратты жаңы терапия бөлумү курулуп бүткөнгө чейин убактылуу терапия бөлүмүнө бекитип берүү жөнүндөгү арызын күн тартибине коюлган маселе боюнча жергиликтүү депуттартардын сөздөрүн жана келген тургундардын сөзүн угуп 1994-жылдан берки терапия бөлүмү катарында пайдаланылып келгендигин эске алып жана Ноокат райондук аймактык оорукананын оорулуларды аймактык ооруканада кабыл алуу мүмкүн эместиги жөнүндөгү жолдомо катын карап чыгып, ал эми «Мээрим Нуру» балдар бакчасы М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин базасында иштеп жайгашкандыгын жана бүгүнкү күндө Жаңы-Базар айылынын Байыш учаскасына жаңы балдар бакчасы курулуп жаткандыгын эске алып Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 25-беренесинин жетекчилике алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат аймактык ооруканасынын алдындагы Көк-Бел бөлүмүнүн терапия бөлүмүнүн Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон Жаңы-Базар айылындагы «Мээрим Нуру» балдар бакчасына мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилген имарат жаңы терапия бөлүмү курулганга чейин убактылуу терапия бөлүмүнө бекитип берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Аталган токтомду аткаруу жана имарат, имаратка тиешелүү болгон 72 сотых жер учаскасын Ноокат аймактык ооруканасынын алдындагы Көк-Бел бөлүмүнүн терапия бөлүмүнө оперативдүү башкаруу укугуна убактылуу пайдаланууга бекитип берүү жөнүндөгү токтом кабыл алуу жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго милдеттендирилсин
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Н.Исанов айыл Кеңешинин укук, этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Н.Кулушовага тапшырылсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |