Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ ААЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 22-отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 09-июну № 22-2
Кожоке орто мектебинин Мамлекеттик катоодон өткөрүү китебин алуу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагына караштуу Кожоке орто мектебинин жалпы аянты 4,03га жери бар. Ушул жалпы аянтын аныктап тактап мамлекеттик каттоодон өткөрүү зарыл. Ошондуктан мамлекеттик катоодон өткөрүү китебин алуу үчүн төмөндөгүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешине караштуу Кожоке орто мектебинин жалпы аянтын 4,03га жерине тийиштүү иш кагаздарын даярдап мемлекеттик каттоо бөлүмүнөн китебин алууга макулдук берилсин.
2. Кожоке орто мектебинин жалпы аянтына кетүүчү чыгымдарды мамлекеттик каттоо бөлүмүнө которуп берүү жагын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевга жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айылдык Кеңешинин депутаты М.Сыдыковго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |