Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 24 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 04-августу № 24-6
Дача курууга жер берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын тургуну генерал лейтенант Абибилла Кудайбердиевдин Кыргыз мамлекетине теңдешсиз кызмат өтөгөндүгүн эске алып, анын туулуп өскөн жеринен 0,10га жерди эс алууга дача куруу үчүн бөлүп берүү сунушу айыл элдери жана айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан келип түшкөн. Айылдык Кеңештин 6-чакырылышынын 24-отурумунда талкуу болуп айыл Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын тургуну генерал лейтенант Абибилла Кудайбердиевге 0,10га жер аянты дача куруу үчүн жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер участкасын мыйзамдуулугун карап таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Асановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин депутатты М.Сыдыковго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |