Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 24 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-1
2018-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча Н.Асановдун отчету
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун 2018-жылда 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматына карап,Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш,сын-пикирлерин угуп талкуулап, жылдык отчетко толук маалымат берүүнү эскертүү менен Айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун 2018-жылда 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматына карап,эскертүү менен «Канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагын Этика боюнча Туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Кулушовага тапшырылсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |