Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-2/1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетин бөлүүдө,айлдык Кеңештин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 7200,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
- 358700 сомЖайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка чыгымдарына
- 1000000 сом Долбоорлорду даярдаганга
- 350000 сом Айыл аймагына караштуу айылдардын ген планан сыздырууга
- 190400 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн
- 10000 сомФедоров айылынын Алибаев Б көчөсүндөгү көпүрөнү кеңейтүү
үчүн бетон шакекче.
- 102000 сомФедоров айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө үчүн
- 30000 сомФедоров айылынын Карабаш көчөсүндөгү кайырма арыктан
өткөн көпүрөнү кеңейтүү үчүн бетон шакекче алууга - 50000 сом Чеч-Дөбө айылындагы Шеркулов көчөсүндөгү көпүрөнү толугу менен
бүтүрүү.
- 50000 сом Федоров атындагы айылынын Кайрыма арыгын техника
менен тазалоо үчүн
- 25000 сомФедоров атындагы айылынын Канжыга арыгын техника
менен тазалоо үчүн
-1450000 сомКожоке айылынын Надиров Каримбай көчөсүн асфальтоого
- 56000 сом Федоров атындагы айылдын А.Төрөев көчөсүнө электр мамычага
-65000 сомФедоров атындагы айылдын Исаев Маматмуса көчөсүнө электр
мамыча жана чубалгы алууга
- 65000 сомФедоров атындагы айылдын Жаштар көчөсүнө электр
мамыча жана чубалгы алууга
- 117500 сом Федоров атындагы айылдын Төш көчөсүнө электр
мамыча жана чубалгы алууга
- 42100 сомФедоров атындагы айылдын Асанов Абдалим, Нышанов Исак
көчөсүнө электр мамыча жана чубалгы алууга
- 1268000 сомЖар-Коргон айылынын борбордук жолун асфальтоого
- 849200 сомЖаңы-Базар айылына таза суу чыгарууга
- 64000 сомФедоров атындагы Подстанция көчөсүнө мамыча алууга
91800 сомЧеч-Дөбө айылынын Молдо Мажит көчөсүнүн Бак тарабына
электр мамыча, чубалгы алууга
- 103000 сомЧеч-Дөбө айылынын Моторов атындагы көчөнүн Жар-Коргон
тарабындагы жаңы көчөлөргө электр мамыча, чубалгы алууга
- 133000 сомЧеч-Дөбө айылынын Марак палван атындагы көчөсүнүн
сайдын бетиндеги уландысына электр мамыча, чубалгы алууга
- 630000 сомЧеч-Дөбө айылынын күнгөй тарабына таза суу чыгарууга
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |