Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-2
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021 жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган айыдык бюджети жана 2020-2021- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелеүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2019-жылга Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 23408,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2019-жылдын бюджетинин кирешесиндеги тамарка салыгынан 289,2 га жер аянтына жеңилдик берилсин.
Тактап айтканда 882 жаран пенсионер 189,88 га, 424 жаран көп балалуу 65,68 га, 148 жаран мүмкүнчүлүгү чектелгендер 25,39 га, ИИМде иштеп жүрүп каза болгондор 2 жаран 0,37 га , Ата мекен согушунун катышуучусу 2 жаран 0,34 га , Авган согушунун катышуучусу 16 жаран 2,53га , Тажик Авган согушунун катышуучусу 5 жаран 0,77га , Баткен коогалаңынын катышуучулары 19 жаран 3,08 га, ЧАЭС 6 жаран 1,16га. жер аянтына жеңилдик берилсин.
3. 2019- жылга 3650 кожолук такталган, бирок 1600 кожолук үй салынбай бөлүнүп калгандыгы үчүн таштанды салыгынан бошотулсун.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-2021- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2020-жылга 14181,7 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар 10235,1 миң сом менен) жана 2021-жылга 15589,7 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар 9585,0 миң сом менен) бекитилсин. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-2021- жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атйын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6. 2019-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 80,0 миң сом суммасында белгиленсин.
7. 2019-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү, киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |