Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-5
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылындагы муниципалдык менчикте турган стадиондун аянтын тактоо жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылындагы муниципалдык менчикте турган стадиондун токтому бар,бирок айланасындагы үйлөр чыгып кеткендиктен,аянтын тактоо максатында Айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Базар айылындагы муниципалдык менчикте турган стадиондун аянтын тактоо максатында комиссия түзүлсүн.
2. Түзүлгөн комиссия иш алып барып,2019-жылдын 1 кварталындагы отурумга маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |