Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-6
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз республикасынын Жоруктар жөнүндөгү Кодексин,Кыргыз республикасынын Жазык-Процесстик Кодексин, «Пробация жөнүндөгү» , «Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8- майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик жөнүндө жобого ылайык Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде талкууга алынып,Айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Типтүү жобо 1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияна Типтүү жобого ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Нурмаматов |
2018-жылдын «___» ___________________
№___ 1-тиркеме
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия)түзүүнүн жана алвардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия жөнүндө жобо ,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет,
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укукка ээ.
Комиссия жергиликтүү кенеште отчет берет.Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Комиссия так санда 5-11 адамдан,Комиссиянын төрагасынын,төрагасынын орун басарынын,катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
Жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөнкүлөр киришет:
-жергиликтүү кенештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү ( макулдашуу боюнча).Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен,ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөттүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон,атайын орто же жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
Жарандык коомдун жана жергилитүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган; 1
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу жазык иши токтотулган,мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундагы ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар мүчө боло албайт.
Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктарын жергиликтүү кенеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан токтотулат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда:
-Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматты токтоткон учурда:
Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде:
-күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген
адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген,дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-Жергиликтүү кенештин мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календардык күндөн кеч эмес бекитилет.
Комиссия ыйгарым укуктары Комиссия өз убагында ыйгарым укуктарын аткарбаган кезде жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
Комиссиянын жаңы курамы мурдагы Комиссиянын курамы ыйгарым укуктары токтототулган кийин 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
Комиссия Бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша материалдардын түшүшүнө жараша өткөрүлөт.Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
Эгерде Комиссиянын үчтөн экиси катышса,Комиссиянын отуруму укуктуу болот.2
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө,Кодексте аныкталган тартипте карайт.
Айыл өкмөт башчысы өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
Комиссия чечимди токтом же аныктама түрүндө чыгарат.
Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгыа:
А) төмөдөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1 )жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө Кодекстин 29-беренеси ;
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө
Б )ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткорүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби,жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссия мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга:
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга:
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга;
Төмөндөгүлөрго укуктуу:
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолор берүүгө;
-бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийрүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга
Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары,төмөндөгүлөргө милдеттү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу ,уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссиянын чыгаргант чечимдерине (аныктама,токтомдоруна) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары төмөндөгүлөргө ээ:
3
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийлик органдары,айыл өкмөттүн ,кызмат адардары жана жарандар менен болгонг мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүг;
-ушул Кодекс жана Жоболорго ылайык башка укуктарга.
Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары :
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарат.
-Комиссиянын төрагасы жок мезгилде анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
Комиссиянын катчысы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдетин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
-өз ишмердүүлүгүн төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкөн материалдарды,каттарды,билдирүүлөрдү жана арыздарды,ошондой эле бузуу жагдайы бар экенин көрсөткөн,массалык маалымат каражаттарында анын ичинде интернетте жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жөнүндө протоколдорду,Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду,аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайыкдаярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
-Комиссиянын мүчөлөрүн бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жаткан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат,аларды Комиссиянын кароосуна кирген материалдар менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт,аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге( аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну жана жөнөтүүнү камсыз камсыз кылат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат,аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт,Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-Отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
-Кодексте жана Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон мезгилде ,анын милдетин төраганын тапшыруусу менен мүчөлөрүнүн бир аткарып турат. 4
Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын,жабырлануучунун,анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн,коргоочусунун,өкүлүнүн адвокадынын,ошондой эле күбөсүнүн,эксперттин,адистин,котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишин тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат,ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эсеп журналдарынын сакталышы,аларга маалыматтардын өз убагында жана так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарылдокументтерди жөрөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме)
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билдирилсе,Комиссиянын катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого,бул тууралуу комиссиянын төрагасына билдирүүгө,анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгөмилдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт,ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо,Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү,атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын ) берет.Жоопкерчиликке тартылган адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгөмакулдугун билдироип,айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет,экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү,аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт;
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган,келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколдору;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар,токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөтүлөт.
Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук(шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат. 5
Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы ( №4-тиркеме)
Журналдардын барактары номурланган,көктөлгөн,мөөр менен бекитилгенболууга тийиш,эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана,көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл.Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл.Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга,жеке жарандарга же кызмат адамдарына,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары,Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
2018-жылдын «___»________№___ 2-тиркеме
Комиссинын төрагасы-
Осмонбаев Абдымомун -Жарандык коомдун өкүлү
Комиссинын төрагасынын орун басары
Жолдошов Асилбек -Жергиликтүү кеңештин өкүлү
Комиссиянын катчысы
Атаканова Нурайым - Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Комиссиянын мүчөсү-
Казыканова Буажар -Жеке ишкер
Комиссиянын мүчөсү
Коргонбаев Жеңиш -Айыл өкмөтүнүн кесиптик берлигинин
төрагасы,ВУС кызматкери
Комиссиянын мүчөсү-
Айдаралиев Абдыразак -Жарандык коомдун өкүлү
Комиссиянын мүчөсү-
Жумабаев Атабек - Жаңы-базар айылынын айыл башчысы
Башчы Н.Асанов