Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-8
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылына Беккари чункурчасын куруу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Арис программасынын ПРЖР-2 ден келген акча каражатынын эсебинен Жар –Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасына эпизоотологиялык абалдын алдын-алуу жана жашоо тургундардын суроо-талабын канааттандыруу максатында Айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арис программасынын ПРЖР-2 ден келген акча каражатынын эсебинен Жар –Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасына эпизоотологиялык абалдын алдын-алуу үчүн Беккари чункурун куруу белгиленсин.
2. Жар –Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасынан Беккари чункурун куруу үчүн 0,01 га жер аянтын тактоо жагы башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылсын.
3. Жар –Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасына эпизоотологиялык абалдын алдын-алуу үчүн Беккари чункурун куруу үчүн тиешелүү юридикалык кагаздарын даярдап берүү Ноокат райондук архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин депутаты М.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Нурмаматов |