Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-9
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүү Келишими жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январындагы №23 катына негиз Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүү Келишими жөнүндө А.Юлдашевдин сунушун жана Айылдык Кеңештин депутаттарынын сүйлөгөн сөздөрүн угуп, Айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылы №715 токтомуна ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүү Келишими бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Нурмаматов |