Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 26 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 22-декабры № 26-10
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында социалдык колдоо жана балалык спортту өнүктүрүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрь № 2/1 токтому менен бекитилген ,Н.Исанов айыл аймагынын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 22-беренесинин негизинде,Н.Исанов айылдык
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагында катталган,16 жашка толбогон 100 балага спорттук кийимдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Н.Исанов айыл аймагынын 2019-жылдын бюджетинен 250000миң сом каралсын.
2. Субсидия алууга талапкер балдардын саны 100 баладан ашса,балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3 . Бөлүнгөн 250000 миң сом акча каражатын ай сайын 25000 миң сомдон которуп туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Ботобаевге жүктөлсүн
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджеттин комитетинин төрагасы М.Мамановго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Нурмаматов |