Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 70
Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин тургуну Асранов Нурбайдын арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Тоо Айылдык Кеңешинин тургуну Тайтокуров Нурбайдын өзүнүн жазган арызынын негизинде Кызыл-Тоо айылындагы Т.Асранов көчөсүндөгү №6 - үйгө турак жай куру үчүн берилген 0,25га жер участогун мал чарбасын өнүктүрүү жана малды асылдандыруу ошондой эле эт , сүт багытындагы малдарда өстүрүү үчүн көмөкчү чарбасын өнүктүрүүгө мал сарай куру үчүн Кызыл –Тоо айылдык Кеңешинин 6-чыкырылыштагы 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин тургуну Тайтокуров Нурбайга өзүнүн берген арызы боюнча турак жай курууга берилген 0,25га жер участогун мал чарбасын өнүктүрүү жана малды асыл тукум эт,сүт багытындагы малдарды өстүрүү үчүн көмөкчү чарба мал сарай курууга багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук Архитектура жана Шаар курулуш башкармалыгынан жана Өзгөн райондук Кыймылсыз мүлккө укукту катто башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | К.Кадырбеков |