Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
6 -чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 73
Доңуз-Тоо айылынын элинин кайрылуусу боюнча Доңуз-Тоо айылына жаңы ФАП куруу жүнүндө
Доңуз-Тоо айлында 93 кожолук ,578 жаран жашайт. Ушул мезгилге чейин ФАПтын кызматын эл пайдаланбай келген. Доңуз-Тоо айылынын тургундары ФАП тын жоктугунан бир нече чакырым аралыктагы Кызыл-Тоо айылындагы үй бүлөлүк даарыгерлер тобуна кайрылууга мажбур болушууда. Кары картаңдар , жаш балдар, кош бойлуу аялдар , наристе балдарды суук күндөрдө бир нече чакырым аралыктан келип кетүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Жогорудагы муктаждыктарды ,элдин кайрылуусун эске алып Доңуз-Тоо айылындагы К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин ээлеген жер аянтынан 0,04га жер тилкесин жаңы ФАПты куруу максатында, Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы 17- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Доңуз-Тоо айылынын тургундарынын 23-январь 2019-жылдагы протоколун эске алып , жаңы ФАП куруу жөнүндөгү жазган кайруулуусу колдоого алынсын.
2. Донуз-Тоо айлына жаңы ФАПты куру максатында К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин ээлеген жер аянтынан 0,04га жер тилкесин мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин айыл чарбасы жана турак жай, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Кадырбеков |