Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
6 -чакырылышынын кезектеги 18- сессиясы
2019-жылдын 07-марты № 79
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы билим берүү тармагынын жана мектепке чейинки билим берүү тармактарынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы билим берүү тармагынын жана мектепке чейинки билим берүү тармактарына 2018-жылда бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалангандыгын жана балдар бакчаларынын мамлекет тарабынан балдарга берилип жаткан тамак аштын сапатын кароодо айылдык Кенештин социалдык тармак боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6-шайланган 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы билим берүү тармагынын жана мектепке чейинки билим берүү тармактарына 2018-жылда бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалангандыгын жана балдар бакчаларынын мамлекет тарабынан балдарга берилип жаткан тамак аштын сапатын кароодо айылдык Кенештин социалдык тармак боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү колдоого алынсын.
2. Кызыл-Тоо балдар бакчасынын башчысы Мансыркулова Айсулууга балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаты начар экендигин аныктап ,айтылган кемчилдиктерди оңдоймун деген убадасын алып катуу эскертүү берилсин.
3. «Осмон-Ата» балдар бакчасына балдардын саны жетпегендиги аныкталып,жаны уюушулуп жаткандыгын эске алышып бир ай мөөнөттүн ичинде балдардын санын толуктаймын деген убадасын алып эскертүү берилсин.
4. «Назира –Апа» балдар бакчасында балдардын саны толук эмес жана тамак аштын сапаты начар,жетекчиси Жолдошова Айгүлдүн иште орой мамилени оңдоп, этиканы сактоосу эскертилип эскертүү берилсин.
5. К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча ОсОО «Марат-Аби» жалдануучу мекемеси(подрядчик) келишимде көрсөтүлгөндөй иш алып барылбагандыктан жана сметада бөлүнгөн каражатка ылайыксыз иш алып барып бүгүнкү күнгө чейин мектепте жылытуу системасы иштебей жаткандыгын белгилеп, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Кадыров Жайнакка бир нече жолу эскертилип келгендиктен, айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировдун 10 күндүк мөөнөттө жалдануучудан талап кылып, мектептин жылытуу системасы келишимдегидей ремонт иштери бүткөрөбүз деген убадалары алынып, белгиленген мөөнөттө сапатуу бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
6. Жогорудагы кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Кадырбеков |