Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
6 -чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 84
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасы түзүлгөн келишимдин негизинде капиталдык ремонттун бүткөрбөй жаткандыгы жөнүндө
К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасы 2018-жылдын ноябрь айында капталдык ремонттон өткөрүү үчүн бюджеттен 150мин сом каражат бөлүнүп берилген жана ал боюнча ОсОО «Марат-Али» ишканасы тендерден (жалдануучу) утуп алган.Мектептин жылытуу системасы кышы менен иштеген эмес ,жасаган ремонту келишимдегидей жасалган эмес.айыл өкмөтү жасалган ремонту өткөрүп ала элек,себеби жасаган ремонту талапка жооп бербейт.ОсОО»Марат-Али ишканасынын кызматкери менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлер жана айылдык Кенештин депутаттары кошулуп жасаган ремонту жараксыз деп табышып бир нече жолу эскертишкен.Айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировго дагы мурунку сессияда эскертүү берилгендигин жана аткарган жумуш ошол бойдон калгандыгын текшерип айылдык кенештин кезексиз сессиясына тендершиктин өзүн катыштырып сөзүн жана ремонту кайра 10 күндүк мөөнөттө бүткөрөм деген убадасын алып угуп жана талкуулап айылдык Кенештин 6 чакырылышыш кезексиз 19 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасын жалдануучу ОсОО»Марат-Али» ишканасы келишимдин негизинде капиталдык ремонту жасабагандыгы белгиленсин .
2. Бюджеттен бөлүнгөн каражатты түзүлгөн сметага ылайык келишимдин негизинде белгиленген 10 күндүк мөөнөттө ремонтту бүтүрбөсө тиешелүү органга өткөрүлүп берилсин.
3. ОсОО»Марат-Али» ишканасы менен түзүлгөн келишимди талап кылып ремонту бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин финансы жана экономика баюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Кадырбеков |