Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 22/2
Семиз-Бел айыл аймагынан Айылды инвестициялоонун чүнчү долбоорунун алкагындагы конкурска катышуу үчүн жумушчу топ тарабынан даярдалган Чакан долбоордук сунушту бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагында Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы Арсы айылына «Электр линиясын тартуу» боюнча конкурска катышуу үчүн жумушчу топ тарабынан даярдалган Чакан долбоордук сунушту карап, талкуулап, Семиз-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагында Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы Арсы айылына «Электр линиясын тартуу» боюнча конкурска катышуу үчүн жумушчу топ тарабынан даярдалган Чакан долбоордук сунуш тиешелүү бюджети менен төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
№ | ЧД | Гранттын Сумма | Өздүк салымды (суммасы гранттын суммасынын 3,75% кем эмес) элден акчалай чогултуп берүү | Долбоордун (лор) жалпы сумма |
| Арсы айылына электр линиясын тартуу |
1380000 |
51750 |
1431750 |
2. Айыл өкмөту долбоордук сунушту облустук конкурстук комсиссияга өз убагында берүүнү камсыздасын.
3. Өздүк салымдын бюджети бекитилсин жана конкурстан өткөндөн кийин сунушта көрсөтүлгөндөрдү техникалык жактан тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн чыгымдар каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Базаркулов |