Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 28-январы № 22/4
Кочкор айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасынан № 248.3 контурундагы эски карьердин ордунан 1(бир) га асылдуулугу төмөн таштак жерин катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигонго келишимдин негизинде Кочкор айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна берүү жөнүндөгү Семиз-Бел айыл башчысынын маалыматын угуп талкуулап айылдык Кеӊеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтү менен Кочкор айыл өкмөтүнүн түзүлгөн келишим мөөнөтү 1 (бир) жылга узартылсын, Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасындагы № 248.3 контурунан 1 (бир) га эски карьердин ордунан асылдуулугу төмөн таштак жерин Кочкор айыл өкмөтүнө кату тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигонго келишимдин негизинде 1 (бир) жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин.
2. Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасынан эски карьердин ордунан катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жер участкасынан түшкөн каражаттарды Семиз-Бел айылынын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын жана түшкөн каражаттарды өз убагында которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |