Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 28-январы № 23/3
2019-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө» 2013-жыл 13-сентябрындагы № 515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жөнүндө Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдарга, жайыт акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- кой-эчки – 12 (он эки)сом
- жылкы – 60 (алтымыш) сом
- уй, бука – 60 (алтымыш) сом
2. 2019-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- кой, эчки 24 (жыйырма төрт) сом
- жылкы – 120 (бир жүз жыйырма) сом
- уй – 120 (бир жүз жыйырма) сом
3. 2019-жылга Семиз-Бел айыл аймагынын жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризм багытында) ар бир боз үйгө 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкөн жайыт акы кв. метрине 350 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишов жана жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |