Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 05-марты № 23/4
«Сеӊкилтай - Тоо булагы» СПАсына алынган кредиттик төлөмдөрдү кайра кайтаруу жөнүндө
«Сеӊкилтай-Тоо булагы» СПАсынын курулуш жана реабилитация иштерин кайра калыбына келтирүүгө каралган долбоордун сметалык жалпы суммасынын 25% тин 7-жылдык кайра кайтарып берүүгө макулдук берилген. Ошол кредиттик төлөмдөрдүн төлөө убактысы келип пайыздары өсүп жаткандыгына байланыштуу, кредиттик төлөмдөрдү тез арада чогултуу жана төлөмдөрдүн тарифин бекитип берүү жөнүндө Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сеӊкилтай – Тоо булагы» СПАсынын курулуш жана реабилитация иштерин калыбына келтирүүгө алынган кредиттик төлөмдөрдү чогултуу боюнча айыл өкмөтүнүн аппараты практикалык жардамдарды көрсөтүшсүн. Кредиттик төлөмдөрдү чогултуу боюнча Арсы айылына жооптуу болуп Арсы айылынын башчысы У.А.Дүйшөналиев, Кара-Тоо айылына жооптуу болуп айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Көбөновго милдеттендирилсин.
2. Кара-Тоо, Арсы айылдарындагы жашоочулар үчүн сугат сууларын пайдалануудагы кредиттик төлөмдүн тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- үлүш жерге 1 га – 1000 (бир мин) сом
- короо алдындагы жерге (огород) 100 (бир жүз) сом
- ижирага алынган жерге 1 га – 1000 (бир мин) сом
3. Төлөмдөрдү чогултуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен 2019-жылдын аягына чейин пайыздык төлөмдөрдүн өсүшүнө жол бербөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |