Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 05-марты № 23/5
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2019-жылга тазалык жыйымдан жеӊилдиктерди берүү жана тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек, Кара-Тоо айылдарында жашаган социалдык жактан коргоого муктаж, оокаты начар, багар көрөөрү жок, жалгыз бой, кары – картаӊ болгон түтүн ээлерин тазалык жыйымдан бошотуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б.Көбөновдун сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел аймагы боюнча социалдык жактан коргоого муктаж оокаты начар, багаар көрөөрү жок, жалгыз бой, кары-картаӊ аттууладардын тизмесине ылайык 50 (элүү) түтүн 2019-жылга пландалып жаткан тазалык жыйымынан бошотулсун.
2. Айыл аймагында жашаган ар бир түтүн ээлеринен алынуучу тазалык жыйым 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |