Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 05-марты № 23/6
Сугат айдоо жерлерин калктуу конуштардын жерлер категориясына которууну (трансформациялоо) райондук жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин ХVIII -сессиясынын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер аянттарынын (КБФнын сугат жерлерин) калктуу конуш басып калган жана калктуу конуштун чектерин кеңейтүү максатында жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө 18.02.2008-ж №92\2 токтомунун негизинде Семиз-Бел айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 18.02.2008жылдагы ХVIII сессиясынын № 92\2 токтому эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы “Сугат айдоого жарактуу жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганга чейин, калктуу конуш жерлерин кеңейтүүгө сунуш кылынган.
№ к\н | Участканын аталышы | Контур № | Жердин түрү | Жалпы аянт контур боюнча га | Мунун ичинен сунуштал-ган аянт (га) | Эскертүү |
1 | Аэропорт | 530 | Пос. площадка | 16.5 | 10.24 | Кара-Тоо |
2 | № 6 поля | 432 | айдоо | 16.5 | 11.12 | Арсы |
3 | Чийник | 447 | айдоо | 28.9 | 2.0 | Арсы |
4 | Каматай | 367 | айдоо | 13.1 | 11.12 | Семиз-Бел |
5 | Бакас | 660 | айдоо | 22.4 | 22.0 | Чекилдек |
| Баары | ---- | ---- | ---- | 56,48 |
|
3. КБФнын жалпы 56,48 га сугат айлоо жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Сугат айдоо жерлеринин жер участокторунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин” бекитүү тууралуу 2018-ж 31.10 № 512 токтомунун негизинде калктуу конушка которууга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына, Кочкор райондук жер комиссиясына сунуштоо жагы тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |