Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 05-апрели № 24/1
Арсы айылынын тургуну Н.Чагалдаковдун арызын кароо жөнүндө
Арсы айылынын тургуну “Апрель элдик революциясынын баатыры” Чагалдаков Насирдин Нурдинович 2010-жылдын 7-апрелинде ревоюцияга катышып оор жаракат алгандыгына байланыштуу жана революцияда катышкан эрдигин эске алып 2011-жылдын 27-апрелинде Семиз-Бел айылдык округдук Кеӊеши тарабынан Арсы айылындагы эски ФАПтын имараты менчике чыгарылып берилген, ошол убакта ден-соолугуна байланыштуу документтери бүткөрүлбөгөндүктөн кайра карап чечип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнө жазган арызын карап жана Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылдык Округдук Кеӊеши тарабынан 2011-жылдын 27-апрелиндеги Арсы айылындагы «эски ФАПтын имаратын менчикке берүү жөнүндөгү” №22/133 токтому жокко чыгарылсын.
2. Арсы айылынын тургуну, Апрел элдик революциясынын баатыры Чагалдаков Насирдин Нурдиновичке биринчи кезекте Арсы айылынан турак жай курууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Турак жай курууга бөлүнүп берилген жер участогун мыйзамга ылайык документтештирип берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Р. Базаркулов |