Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 1
Момбеков айыл ѳкм ѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги токарный станокту Мамасейитов Турсуналыга ижарага пайдаланууга берүү жѳнүндѳ
Момбеков айылдык кеӊешинин депутаты М Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айылдык кеӊешинин депутаты М Эргешовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги азыркы учурда
“Эмгек Берекеси” пахта заводунун имаратынын ичинде турган токарный, фрезердик, точельный жана сверло станокту алып чыгууга уруксат берилсин жана алып чыгуу үчүн тѳмѳндѳгүдѳй курамда комиссия курамы түзүлсүн:
1) Эгембердиев Т - орун басар
2) Т ѳл ѳнова Ч - Ф.Э.Бн үн башчысы
3) Ажымуратов М - айыл башчы
4) Эргешов М - депутат
5) Нышанов О - депутат
3. Токарный, фрезердик, точельный жана сверло станокту орнотуп иштетүү үчүн Таштак участкасындагы коргондун ичинен жер аянты Мамасейитов Турсуналыга ижарага берилсин жана женил типтеги ишкана куруу жагы Т Мамасейитовго жүктѳлсүн.
4. “Эмгек Берекеси” пахта заводунун имаратынын ичинде турган токарный, фрезердик, точельный жана сверло станокту ѳзүнүн эсебинен алып чыгып, орнотуу жагы Т Мамасейитовго милдеттендирилсин.
5. Айыл ѳкмѳт менен Т Мамасейитовдун ортосунда женилдетилген мѳѳнѳт менен эки тапартуу келишим түзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын к ѳз ѳм ѳлд ѳ ѳ жагы айыл ѳкм ѳт башчысынын орун басары Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |