Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты № 24/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/35 28.01.2019ж., №1-12/54 04.02.2019ж.,№1-12/55 04.02.2019ж., №1-12/88 12.02.2019ж. кайрылуу каттары жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Пржевальская көчөсүндөгу жаңы паркта жайгашкан бүтпөгөн мектептин жер тилкесин, Гвардейская көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 9м2 жер тилкесин, Комсомол көчөсүндөгү №96 бузулуп кеткен көп кабаттуу жайгашкан 0,14га жер тилкесин, Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 0,14га жер тилкесин, Шахтерская көчөсүндөгү номери жок бузулуп кеткен эски почтасы 0,20га жана «Юбилейный» магазиндин 0,03га жер тилкелерин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап чыгып шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссинын сунушунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Пржевальская көчөсүндөгу жаңы паркта жайгашкан бүтпөгөн мектептин жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарынын Гвардейская көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 9м2 жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
3 .Көк-Жаңгак шаарынын Комсомол көчөсүндөгү №96 бузулуп кеткен көп кабаттуу үйдүн жайгашкан 0,14га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
4. Көк-Жаңгак шаарынын Шахтерская көчөсүндөгү номери жок бузулуп кеткен эски почтасы 0,20га жана «Юбилейный» магазиндин 0,03га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
5. Көк-Жаңгак шаарынын Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 0,14га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
6. Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |