Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 24/2
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/44 30.01.2019ж.кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын Ленин көчөсүнүн №77 үйүнүн №36 батиринин тургуну С. Денисовдун арызын карап чыгып шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссинын сунушунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Ленин көчөсүнүн №77 үйүнүн №36 батиринин тургуну С. Денисовго батирди акысыз жеке менчике өткөзүп алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Коммуналдык менчик департаментинин балансынан муниципалдык реестринен Ленин көчөсүнүн №77 үйүнүн №36 батирин чыгаруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Ишке ашыруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |