Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 24/5
Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме, ишканалар 2018-жылы аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы мекеме, ишканалар 2018-жылы аткарган иштери боюнча жетекчилердин маалыматтарын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борбору 2018-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси Р.Насырованын маалыматы эске алынсын.
2. Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмү 2017-2018-окуу жылында аткарылган иштерин боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.
3. Көк-Жаңгак шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы 2018-жылы жасаган иштери боюнча жетекчиси Ж.Айтмамбетованын маалыматы эске алынсын.
4. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти 2018-жылы жасаган иштери боюнча жетекчисинин орун басары И.Курбановдун маалыматы эске алынсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |