Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы № 1
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX- чакырылышынын кезексиз X- сессиясынын катчысы жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX- чакырылышынын кезексиз 10-сессиясынын катчысы боюнча шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы С.Сансызбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX - чакырылышынын кезексиз 10 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат Иманалы уулу Нурбек Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX - чакырылышынын кезексиз 10 -сессиясынын катчысы болуп шайлансын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Сансызбаев С.С. |