Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы Кезексиз XI -сессиясы
2019-жылдын 20-февралы № 3
Шаардык мэриянын 21.01.2019-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын I вице-мэрин дайындоого макулдук берүү тууралуу» №01-14/106 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 21.01.2019-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын I вице – мэри кызмат ордуна альтернативдик нагизде Райымжанов Алтынбек Алыбековичтин жана Тажимырзаев Эдилбек Садырбековичтин талапкерликтерине макулдук берүү тууралуу” №01-14/106 кайрылуу каты боюнча шаардын мэри Р.Асаналиевдин сунушун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмур шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезектеги 11– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 21.01.2019-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын I вице – мэри кызмат ордуна альтернативдик нагизде Райымжанов Алтынбек Алыбековичтин жана Тажимырзаев Эдилбек Садырбековичтин талапкерликтерине макулдук берүү тууралуу” №01-14/106 кайрылуу каты боюнча шаардын мэри Р.Асаналиевдин сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө ылайык, көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер Райымжанов Алтынбек Алыбековичти, Таш-Көмур шаарынын I вице-мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |