Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы Кезексиз XI -сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 5
Муниципалдык Менчик Департаментинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин директору О.Нурманбетовдун отчету
Муниципалдык Менчик Департаментинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин директору О.Нурманбетовдун отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 11 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык Менчик Департаментинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин директору О.Нурманбетовдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Сансызбаев С.С. |