Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы Кезексиз XI -сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 7
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 15.03.2019-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-14/361 кайрылуу каты жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 15.03.2019-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-14/361 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Сапаралиевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезектеги 11– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 15.03.2019-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-14/361 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Сапаралиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмур шаарынын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициенти 2019-жыл үчүн 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенти 2019-жыл үчүн 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына ( М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |