Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы Кезексиз XI -сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 8
Шаардык салык кызматынын 13.03.2019-жылдагы «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын тарифин бекитип берүү тууралуу» № 04-6/453 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык салык кызматынын 13.03.2019-жылдагы «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын тарифин бекитип берүү тууралуу» № 04-6/453 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын тёрагасы А.Райымжановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезектеги 11– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык салык кызматынын 13.03.2019-жылдагы «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын тарифин бекитип берүү тууралуу» № 04-6/453 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамынын 12-1 беренесине ылайык, калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгууга жыйымдын тарифи, бекитип берилген аянтка, ишканада иштегендердин санына (юридикалык жактар үчүн) жана курулуштун өлчөмүнө, үйдүн тургундарынын санына жараша (жеке адамдар үчүн) - 1 жылга х 100 сом 00 тыйын өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтомду аткаруу жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык салык кызматына (К.Эгембердиев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |