ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 -чакырылыштагы кезектеги 16-сессиясы
2018-жылдын 22-декабры № 57
Зергер айылдык Кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү жонүндо
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Зергер айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Зергер айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн иш планын айылдык кеңештин сессиясында карап талкуулап, Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тиркеме
Зергер айылдык кеңешини 2018-жыл 22-декабрдагы №57 токтому менен бекитилген
Зергер айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планы
2019- жылы Зергер айылдык кеңешинин сессиясында каралучу негизги маселелер:
- Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аркарылышы, муниципалдык менчиктин пайдаланышы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү 2018 – жыл үчүн жылдык отчету жана 2019 – жылга социалдык экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү (2019-жыл, февраль айы. Айыл өкмөт башчысы).
- Зергер айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2019-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси).
- Жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2019-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2019-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, Жайыт комитетинин башчысы)
- Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө жана маданият үйүнүн.айылдык китепкананын калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2019-жыл, 2-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси).
- Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2019-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары).
- Бюджеттин 2019-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2019-жыл, 3-квартал, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
- Зергер айыл аймагы боюнча 2019-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2019-жыл, 4-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия”).
Төрага С.Кулушов