Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 -чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 07-январы № 58
Зергер дарыясынын экологиялык абалын кароо жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезексиз 17-сессиясы депутаттардын сунуштарын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Бел көмүр тоо кен ишканаларынан агып чыккан таштандылардын Зергер дарыясына кошулуп өтө кооптуу абалды пайда кылгандыгына байланыштуу Зергер дарыясын таза суу катары пайдаланган жарандардын жана алардын мал жандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, тез арада иш чараларды көрүү айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө Зергер айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Мусурманкулов Абдирахим Ходжамовичке жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |