Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 -чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 07-январы № 59
Зергер айыл өкмөтүнүн Кайрат айылынын жеке менчик жер участогуна түзүлгөн генпланга кошумча схеманы бекитип берүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 17-сессиясы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Кайрат айылына түзүлгөн генпланга кошумча Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схеманы бекитип берүү боюнча Зергер айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Кайрат айылынын Ортоңку участкасына Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Абдимахамат уулу Фирдаузга түзүлгөн кошумча схемасы бекитилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан (М.Акматов) курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Зергер айылдык кеңешинин айыл-суу чарба, өнөржай, курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулушов |