Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2019-жылдын 27-марты № 2
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн менчигиндеги «Беларусь-82,1» жана «Беларусь-82,2» тракторуна механизаторлорду дайындоо жана иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровдун докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беларусь-82,1» тракторуна механизатор болуп Садиров Тургунбай дайындалсын.
2. «Беларусь-82,2» тракторуна механизаторлукка катталган талапкердин
арасынан бардык талаптарга жооп берген Калматаев Нышанбайга 3 айлык сыноо мөөнөт менен берилсин.
3. Тракторлордун иштөө тартиби мотосаатын негизинде жүргүзүлсүн.
4. Элге кызмат көрсөтүүдө күйүүчү жана майлоочу май,эмгек акы, айыл өкмөттүн кызмат акысы катары болуп ар бир мотосаат үчүн 800-00 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө тариф болуп бекитилсин.
5. Айыл өкмөт менен механизаторлордун ортосунда эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен келишим түзүлсүн.
6. Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаты атайын эсепке которулсун.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Н.Өсөровко жана боюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
8. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | Жамгырчиев А. |