Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2019-жылдын 27-марты № 3
“«Көк- Алма» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун директору Р.Мамсыдыковдун 2019-жылдын 4-мартында кайрылган №5 сандуу катын кароо жөнүндө”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагында жашаган калктын №809 «Кара-Булак» эс алуучу жайында жайгашкан булактан ичип жаткан таза суусуна тоскоолдук кылынбаса «Көк- Алма» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун директору Р.Мамсыдыковдун 2019-жылдын 4-мартында кайрылган №5 сандуу каты боюнча №809 «Кара-Булак» суусун кайра иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын
Төрага | Жамгырчиев А. |