Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 1
Маданият-Жалал-Абад жолун реабилитациялоодокызыл сызыкка туура келген үлүш жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 25-октябрь
2018-жылдагы №174-б жана 11-март 2019-жылдагы № 56-б буйруктарынын негизинде Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси
Б. Жакыбалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Маданият - Жалал-Абад жолун реабилитациялоодо кызыл сызыкка туура келген жер үлүш ээлеринин макулдугунун негизинде Момбеков айыл Өкмөтүнүн айыл чарба жерлери категориясынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен 3,50 га сугат айдоо жер аянттары Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергертиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун (трансформациялансын).
3. Жол тилкесине жайгашкан Чек айылынын тургундарынын үлүш жерлери Чек айылындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен компенсацияланып, үлүш катары жер аянты ажыратылып берилсин.
4. Үлүш ээлерине Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен жер аянтын тактап, ажыратып берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгы менен биргеликте жер боюнча башкы адис
5. Б. Жакыбалиевага милдеттендирилсин.
6. Жер аянттарын которууда (трансформациялоодо) тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы райондук шаар куруу жана архитектура жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыктарынан суралсын.
7. Дыйкандардын эгин талааларына суу баруучу латокту жылдырып, орнотуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен суралсын.
8. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Б Раманкуловго жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |