Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 23
2019-жылга жазгы жана күзгү талаачылык жумуштарына айыл чарба техникалары менен аткарылуучу кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын 2019-жылдын 26-март күнү жалпы элдик жыйынынын чечимин карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагында 2019-жылга жазгы жана күзгү талаачылык жумуштарына айыл чарба техникалары менен аткарылуучу кызмат акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
Кош айдоо | 1000сом+25литр солярка |
Дынды бузуп айдоо (дискадан кийин) | 1200сом+30литр солярка |
Дынды бузуп айдоо (дискалабай) | 1400сом+30литр солярка |
Себүү (дан эгин) | 500сом+10литр солярка |
Картошкага чөнөк чийдирүү | 500сом+10литр солярка |
Картошка отургузуу | 1500сом+20литр солярка |
Малалоо | 500сом+12литр солярка |
Картошка түптөө | 500сом+10литр солярка |
Арык чийүү1 км же 1га | 300сом+5литр солярка |
Эгин ооруп жыйуу (комбайн) | 1300сом+25литр солярка |
Картошка казуу | 3000сом+25литр солярка |
Огород айдоо 1 сотка | 50 сом+1 л солярка |
Чөп тырмоо (каптал тырмак) | 600сом+8литр солярка |
Чөп чабуу (жатка) | 1000сом+10литр солярка |
Чөп чабуу (травянка) | 800сом+10литр солярка |
Чөп түктөө 1 түк | 12сом+10литр солярка 1 га |
Саман түктөө 1 түк | 10сом+10литр солярка 1 га |
Отоо жумуштары (ласточка) | 500сом+10литр солярка |
Түшүм ташуу1-категориядагы жерлер | 1000сом (ГСМ ичинде) |
Түшүм ташуу2-категориядагы жерлер | 1200сом (ГСМ ичинде) |
Түшүм ташуу 3-категориядагы жерлер | 1400сом (ГСМ ичинде) |
Картошканын сабагын чабуу | 500сом+10литр солярка |
Дары чачуу (химиялык зат аркылуу үрөндү, урукту зыян кечтерден тазалоо) | 500сом+8литр солярка |
Дискование | 1000+25литр солярка |
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |