Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын 22-сессиясы
2019-жылдын 10-апрели № 26
Таштандыларды чыгаруу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын 2019-жылдын 26-мартында өткөрүлгөн калкынын жалпы чогулушунун (сельский сход) чечимин карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынан чыгарылуучу таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин:
Ар бир кожолук үчүн бир айга | 80 сом |
Өз күчү менен таштандыларды чыгарууда ишкананын уруксаты менен (свалка үчүн) | жеңил унаа 50 сом чоң унаа 100 сом |
Курулуш таштандыларды чыгарууга (кум, таш, топурак, цемент, шифер, шлак) | 1 куб – 400 сом |
Чириген картошканы чыгаруу 1 кубка жетпеген болсо, ар бир мешокко | 1 куб – 350 сом 1 мешок – 15 сом |
Мекемелердин таштандыларын чыгарууда | 1 айга – 350 сом |
Соода түйүндөргө: чакан дүкөндөр жана тамак-аш точкалар үчүн чоң дүкөндөр жана кафелер үчүн | 1 айга - 100 сом 1 айга – 250 сом |
Экскаватор менен жер казуу (траншеянын тереңдиги 1.2 метр) | 1 метр – 100 сом |
Экскаватор менен жер түздөө (планировка) жана башка жумуштар | 1 саатына 800 сом |
Трактор менен жүктөөгө: ЗИЛ автоунаасына КамАЗ автоунаасына | 450 сом 650 сом |
ЗИЛ автоунаа менен жүк ташуу: айыл ичинде | 800 сом |
ЗИЛ автоунаа менен жүк ташуу: айылдан тышкары: 1-категориядагы жерлер 2-категориядагы жерлер 3-категориядагы жерлер |
1000 сом 1200 сом 1400 сом |
Эскертүү: белгиленген тарифтердин ичинде күйүүчү-майлоочу майлар кирген.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |